Машыктыруучу тарабынан сабалган Олимпиадага даярдоо борборунун директору дарыланууну улантууда

Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаровдун эркин күрөш боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Руслан Маджинов тарабынан сабалганына 1 айга жакын убакыт болду. Ү.Майназаров дале болсо ооруканада дарыланып жатат. Руслан Маджинов андан жакын достору аркылуу кечирим сурап, дарыланууга сарпталчу каражатты көтөрүү сунушун айткан. Ал эми Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия өзүнө берилген 2 апта ичинде эч кандай жыйынтык чыгарган жок.

КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдиргендей, Үсөнкан Майназаров жакынкы аралыкта ооруканадан чыгат.

Кошумчалай кетсек, окуя 31-мартта катталган. Маалыматтарга караганда, Руслан Маджинов кайсы бир документке кол койдуруу үчүн барган. Үсөнкан Майназаров документтин толук эместигин айтып, толуктап келүүнү суранганда эки тараптуу кайым айтышуу башталган. Андан соң машыктыруучу борбордун директорун 2 ирет чаап жиберген. Анан Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаев кирип, ажыратканга жетишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nelya88
2015-04-29 09:26:58
Машыктыруучуга кудайым куч берсе да,АКЫЛ бербептир.....
0
asad345
2015-04-29 11:28:42
кайдагы нерсени айтасын тиги директор бюрократты туура эле чапкан
0
nurik2103
2015-04-29 12:43:52
Еки муштумга еки ай жатабы еми
+1
bom.bon
2015-04-29 13:01:00
Эркекчиликте болуп туратго!бирок азыр заманга жараша болуп калды кокустан туртушуп кетсе да арыз жазмай!
0
kama_future_millioner
2015-04-29 13:02:00
2 муштумга ушунча догурунуп жата бербей чыкса болмок.Бул жагы эркеке окшобой калыптыр.анан дагы спортсмен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан