Жалал-Абад шаарында цирк коюп жаткандардын унаасынан өрт чыгып, бир маймыл, кийим-кечелер күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 28-апрель күнү саат 05:40 чамасында катталган. Анда цирк коюп жаткандардын Петербилт үлгүсүндөгү унаасынан өрт чыгып, бир маймыл, циркке кийилүүчү атайын формалар, сыналгы, принтер, муздаткыч, 4 шкаф, 4 отургуч, документтер күйгөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.