Казакстандагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын дагы бири каза болду. Бул тууралуу 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой,
1971-жылы туулган Тайырбек Сейитбеков кечээ, 28-апрелде Бишкек шаарындагы ооруканада оор жаракатынан улам көз жумган. Кырсыктан жаракат алган Майрамбек уулу Самат менен Темирлан Токторбаев учурда ооруканада жатканы кабарланды. Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен кыргыз өлкөсүнүн 15 жараны каза таап,
төртөө жабыркаган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Биринчи унаанын ичинде кыргыз мамлекетинин 19 жараны болгон. Учурда кырсыктан каза болгондордун саны 18ге жетти (Газель-2705 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун кошкондо).