Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов бүгүн, 29-апрелде согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктап кайтты. Агенттиктин директору алгач 89 жаштагы Аписа Казакбаеванын үйүндө болду. Ал согуштун ардагери Шамшидин Касымовдун жубайы. Кезинде оорукта иштеген апа тынчтык болуусун тилеп, өткөн мезгилдеги окуяларынан айтып отурду.
Андан соң К.Эргешов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, кыргыз спортуна 30 жылдан ашык кызмат кылган Владимир Баевдин үйүндө болду. 91 жашка чыгып, буту баспай калган аксакал чөлдө өлгөн жолдоштору тууралуу, согуш талаасындагы кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.
Агенттик тарабынан ардагерлерге 5000 сомдон акча каражаты ыйгарылды.