Сокулук районундагы Орок айылынын башчысы Андаш Таргылов эки баласы менен кошулуп 21 жаштагы айыл тургуну Бексултан Керимбековду сабап салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 29-апрелде өзүн Бексултандын агасымын деп тааныштырган Райымжан аттуу жаран билдирди. Анын айтымында, ур-токмокко кабылган Бексултандын мээси чайкалып, тиштери сынып калгандыктан, учурда ооруканага жаткырылды. Окуяга күбө болгонун айткан агасы айыл башчы өзүм билемдик кылып, мыйзамсыз жайга дүкөн курууга ашыгып, ушул ишке барганын билдирди.
“Менин үйүмдүн жанында тротуар салуу үчүн калтырылган жер бар. Мына ошол жерге Таргылов дүкөн салууда. Бул жерге курулуш жүргүзүүгө өзүнүн уруксат кагазы жок жана салууга мүмкүн эмес экендигин менден жакшы билет. Ал эми бул жер менин үйүмдүн жаны болгондуктан, “Эмнеге салып жатасыз? Салбаңыз” десем, “Сен кимсиң, кайдан келгенсиң? Керек болсо бул жактан кууп жиберем же атып салам!” деп коркутууга аракет кылды. Анысы аз келгенсип үйдү тегеретип суу алып өттү. Суу дубалга тийип, дубалды көчүргөнү калганда токтууну талап кылдым. Бирок бизге моюн сунбай, инимди сабап салды. Азыр инимдин тиштери сынып, катуу ооруганынан ооруканада жатат. Дарыгерлер баланын мээси чайкалып калганын айтышты.
Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылсам, алар “бала ооруканадан чыккандан кийин карайбыз” деп коюшту. Ал эми бүгүн кайрадан Каттоо кызматынын адистерин алып келип, айыл башчынын жасап жаткан ишин көрсөттүм. Алар бул жайга дүкөн салууга болбой турганын Таргыловдун өзүнө айтып кетишти. Эгерде Таргыловго чара көрүлбөсө, биз башка кадамга барабыз”,- деди Райымжан.