23-24-февраль күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында дзюдо боюнча 18 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө Кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу КРнын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 7 спортчу катышат. Алар: Сагынбай уулу Баяман, Жуманазаров Бакытжан, Султанов Бексултан, Чороев Алибек, Бейшекеев Асан, Сариев Эрмек жана Бектурсунов Азамат.