Баткенде көп суммадагы акчаны карактап кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 29-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарында болгон. Анда белгисиз куралчан адамдар унаанын ичиндегилерди коркутуп, көп суммадагы акча каражатын алып кетишкен. Учурда кылмышка шектүүлөр изделүүдө.