Бишкектеги жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 29-апрель күнү Шабдан баатыр көчөсүндө катталган. Анда Хонда Стрим жана Субару Аутбек үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.