Таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугуна кыргыз жергесинен 5 спортчу катышат

Таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугуна кыргыз жергесинен 5 спортчу катышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде маалымат жыйынында Эл аралык таэквондо федерациясынын биринчи вице-президенти Нуриса Мамбеталиева билдирди. Анын айтымында, жакшы даярдыгы бар таэквондочулар кыргыз өлкөсүндө көп, бирок каражаттын аздыгына байланыштуу алардын бешөө гана катышат.

Жакында кыргыз мамлекетинде таэквондо боюнча Ачык чемпиондук өткөрүлдү. Анда биздин өлкөдөн 500 жана Казакстандан 50 спортчу катышты. Улуттук чемпиондук биздин таэквондочулар үчүн дүйнөлүк чемпиондукка болгон даярдык катары жүргүзүлдү. Ал эми Дүйнө чемпиондугу Италияда 25-майдан 31-майга чейинки аралыкта өткөрүлөт”,- деди Мамбеталиева.

Уландар арасында Акежан Табышев (63 килограмм салмакта) өлкө намысын коргойт. Жаштар арасында болсо Русланбек Маратов (55 кг), Медеткан Шамкеев (55 кг), Канат Аралбеков (50 кг), Айпери Сыргакова (50 кг) сыяктуу спортчулар өз күчтөрүн сынашат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан