Кыргыз жергесинде эки Таэквондо федерациясы өз ара ынтымакка келе элек

Кыргыз жергесинде иш алып барган эки Таэквондо федерациясы өз ара ынтымакка келе элек. Муну бул федерациялардын биринин артынан бири маалымат жыйындарын берип келгенинен баамдаса болот. Бүгүн 30-апрелде Интернационал таэквондо федерациясы маалымат жыйынын өткөрдү. Вице-президент Нуриса Мамбеталиева быйылкы жылдын 18-март күнү Эл аралык таэквондо федерациясы өзүн “КРнын Таэквондо федерациясынын президентимин” деп тааныштырып жүргөн Виталий Олейниченкону өзүнүн мүчөлүгүнөн чыгарды.

Олейниченкону эл аралык уюм 8 пункт боюнча өзүнүн мүчөлүгүнөн чыгарды. Ал элдин баарын алдап, дүйнөлүк чемпиондукка спортчулардын туура эмес тизмесин жазып, кээ бир жаш таэквондочуларды ишендирип келген. Биз бул адам менен 19 соттук отурумга катышып, баарынан утканбыз. Бирок ага карабай Виталий Олейниченко дагы деле ар кимге ар нерсени айтып, өзүн Таэквондо федерациясынын президентимин деп жарыялайт. Бирок бизде эл аралык тастыкталган документ бар, ага ылайык, расмий түрдө аталган спорттук түр боюнча жалгыз федерация биз болобуз жана жакында Дүйнө чемпиондугуна балдарыбыз барат”,- деди машыктыруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mamashov-emil
2015-04-30 21:28:22
uiat eei kichinekei kyrgyzstanda 2federasia degen emne bul andan koro talashyp tartyshpai birigip duinoluk dengeelde taekvondisterdi daiardap chyksanar bolo duinoluk chempionduka 5 gana kvota beriptir yzyldap jurgonunordon) birigip birimdike kelip koshulup olimpiadaga kooptogon lisenzia algyla emi
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан