Кадамжай районунда мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын жараны "Айдаркен" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан кармалган. Анын жанында өздүгүн тастыктаган эч кандай документи болгон эмес. Ал Кыргыз Республикасынан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган.