Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарындагы сел боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн прокуратурага кат жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 7-апрель күнү саат 18:00дөн 20:00гө чейин Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан катуу сел жүрүп, айрым жерлерде арыктардын тазаланбагандыгынын кесепетинен турак жайлар менен медициналык мекемелер, мектептер жана балдар бакчалары зыянга учураган.
Ош шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тактоо-иликтөө иштеринин жыйынтыгын чыгарып, өз иштерине шалаакылык менен мамиле жасаган айрым жетекчилерге чара көрүүнү суранып Ош шаардык прокуратурасына кат жөнөттү.
Катта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык аймагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 13-мартындагы №23-9495 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 26-февралындагы №106-б буйруктарын аткарбай, тактап айтканда, өздөрүнүн аймагындагы арыктарды тазалабагандыгынын кесепетинен Ош шаарынын айрым аймактарын суу каптап кеткендиги айтылат. Мисалы, Ош шаарындагы №2-стоматологиялык бейтапканасынын жер төлөсүн сел суулары каптап, 281 721 сомдук материалдык чыгымдарга учураткан.