Кыргызстандык дзюдочулар 23-24-февраль күндөрү Германиянын Дюссельдорф шаарында өтүүчү эл аралык "Grand Prix" мелдешине катышат. Бул тууралуу КРнын Дзюдо федерациясынын пресс-катчысы Кабыл Макешов билдирди. Айтымында, Кыргызстандын атынан өз салмагында КРнын Чемпиондору болгон Адилет Ботоканов, Эдил Беккулов, Руслан Жаныбек уулу, 100 килограммга чейин жаштар арасындагы Азиянын 2 жолку чемпиону Болот Токтогонов, 100 килограммдан жогорку спортчулар арасындагы "Лондон-2012" Олимпиадасынын катышуучусу Юрий Краковецкий намыс талашат.