Ош. 8 мектептин окуучуларынын катышуусунда спорттук мелдештер уюштурулду

Бүгүн, 30-апрелде Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №30-мектепте Ооган согушунун баатыры Абдураим Алиевдин жаркын элесине арналып спорттун түрлөрү боюнча мектептер арасында мелдеш болуп өттү. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, иш-чаранын ачылышында Ош шаарынын
вице-мэри Ильичбек Эргешов сөз сүйлөп, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктап, Ата Мекен үчүн канын төккөн ардагерлерди унутпай эскерип жүрүүгө чакырды.

А.Алиевдин эстелигине гүл коюлуп, 1 мүнөттүк эскерүү болду. Спорттук мелдешке шаардагы 8 мектептин окуучуларынан түзүлгөн командалар катышып, футбол, волейбол жана шахмат боюнча күч сынашты. Жеңүүчү командага А.Алиев атындагы өтмө кубок, спорттук кийимдер, топтор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан