Дүйнөнүн мыкты мушкерлери Флойд Мейвезер менен Мэнни Пакьяо 2-майда орун ала турган беттешти утурлай эл алдына чыгып, суроолорго жооп беришти. Алар өз ара WBA super, WBC, WBO версиялары боюнча чемпиондук наамдарды талашышмакчы. Бокс тарыхында эң ири суммадагы каражат сарпталып жаткан беттештин алдындагы жолугушууну көпчүлүк күтүп келген. Иш-чарада тартылган сүрөттөрдү назарыңыздарга коёбуз.
Кошумчалай кетсек, беттеш 2-майда Лас-Вегас шаарында өтөт. Буга чейин америкалык мушкер Флойд Мейвезер 47 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңишке жетишкен. Ал эми филиппиндик Мэнни Пакьяо 57 ирет профессионалдык рингге чыгып, 50 ирет жеңишти камсыздаган.