Мейвезер - Пакьяо беттеши: Орзубек Назаров, Алмазбек Раимкулов жана башка мушкерлер беттеш тууралуу ой бөлүштү

3-майда Бишкек сааты боюнча 09:00дө Американын Лас-Вегас шаарында бокс боюнча жылдын мыкты беттештеринин бири болот. Анда америкалык Флойд Мейвезер менен Мэнни Пакьяо беттешет. Жарым орто салмакта (66,7) акыркы жылдары туруктуулук жагынан жана ылдамдык жагынан бул эки мушкерге теңдер жок. Ошондой эле беттеш үчүн Мейвезерге 150 миллион доллар, Мэнниге 100 миллион доллар төлөнөт. Мындай көрүнүштөрдү эске алып, серепчилер бул беттешти "кылымдын беттеши" деп аташты.
Бокс дүйнөсүндө кызуу талкууга алынып, түрдүү божомолдор айтылып жатат. SUPER.KG порталы да четте калбай, атактуу кыргыз мушкерлеринин беттеш тууралуу пикирин уктук. Ой бөлүшкөндөрдүн катарында Азия чемпиону Азат Усеналиев, профессионалдык рингге жаңы гана аттанган Урмат Рыскелдиев бар. Ошондой эле АКШда профессионалдык рингде 30 беттеш өткөргөн Алмазбек Раимкулов жана профессионалдар арасында 7 ирет Дүйнө чемпиону аталган Орзубек Назаровдун оюн уктук.
Орзубек Назаров, профессионалдар арасында WBA (Дүйнөлүк бокс ассоциациясы) версиясы боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону:

- Бул мушкерлердин ортосундагы беттеш кызыктуу болот. Менин оюмча, алгачкы 3-4 раундда Мэнни Пакьяо атаандашын нокаутка же нокдаунга учуратса, жеңишти камсыздаганга мүмкүнчүлүгү болот. Эгер беттеш 12 раундга созулса, анда Мейвезер кийинки раунддарда баарын көзөмөлдөп алат. Мага Мейвезердин да, Пакьяонун да рингде өзүлөрүн алып жүргөнү жагат. Мен эки мушкердин бирине жан тартам деп айта албайм. Мен болгону кызыктуу беттеш күтөм жана мушкерлер эл күткөн беттешти көрсөтөт деп үмүттөнөм.
*
Алмазбек Раимкулов, профессионалдык рингде 30 беттеш өткөргөн мушкер:
- Бул эки мушкер бири-биринен стилдери менен айырмаланат. Экөө тең ылдам, мыкты мушкерлер. Менин оюмча, беттеш 12 раундга созулат да, жеңишти упай менен Пакьяого ыйгарышат. Анан жарым жылдан кийин же бир жылдан кийин кайра беттеш уюштуруп, анда Пакьяого көп каражат төлөшөт. Мен АКШда бир канча ирет профессионалдык рингге чыгып, бул чөйрөнү жакындан билип калгам. Мейвезер менен Пакьяонун ортосундагы беттешти миллионерлердин оюну деп баалайм. Ошондой эле мамлекеттик кызыкчылыктар да бар экенин эске алышыбыз керек.
*
Урмат Рыскелдиев, профессионал мушкер:
*
- Мен Пакьяо же Мейвезер утушу керек деп айта албайм. Айтуу да өтө оор. Эгер беттеш 12 раундга созулса, анда Мейвезер упай айырмачылыгында жеңишке жетишет. Рингде 1 сокку менен эле ийгиликке жетүү мүмкүн. Пакьяо азыр ар бир раундду утам деп жакшы маанайда иштеп жатат. Экөө тең абдан ылдам, боксту мыкты билген мушкерлер. Мен филиппиндик мушкер Пакьяого күйөрмандык кылам.

Азат Усеналиев, мушкер:

*

- Мен эки мушкерге тең бирдей карайм жана кайсы бири утат деп так кесе айта албайм. Менимче, Флойд Мейвезер утат. Себеби мушкердин куулугун, узатылчу соккуну алдын ала сезе билгенин белгилегим келет. Ошол эле учурда беттеш Америкада өтөт жана Флойд бир да жолу утулган эмес. Ал эми Пакьяо нокаутка учуратчу соккуларга ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Bors
2015-05-02 00:47:31
Мен да профеционал боксёрмун: менин оюмча 12. Раундтук бетеш болот бир очко менен Флойд Мейвезерге женишти берип коюшу мумкун. Бирок бетеш абдан кызыкту болот экоо тен абдан ылдам иштеген бокусчулар Пакьяону женишин каалайт элем.
+3
Saribulak
2015-05-02 01:23:35
Мен боксер деле эмесмин. Менин ойумча менни пакьяо женет деп ойлойм себеби мен ошону колдойм..
+4
banda-312
2015-05-02 01:32:17
Пакьяо женет менин оюумча мен ошону колдойм
+2
eldar96
2015-05-02 01:45:49
пакьяо женсин эми чыдамсыздык менен куткон беттеш да жакындап калды
+2
kg91
2015-05-02 07:08:25
Мен екону тен колдойм жакшы мушкерлер
Ким женгенин 4.унчу майда айтып берем.
Азырынча айтууга ерте..
0
warsaw.
2015-05-02 08:22:02
пакьяо 6 - раундда накаутка учуратат деп ойлойм,и майвезер алгачкы ирет накаутка и биринчи жолу жеңилгенге дуушар болот!
-1
tursunbaev2004
2015-05-02 14:32:19
warsaw.,козун ачыкпы?
0
Amai
2015-05-02 10:32:47
Супер инфо ошол бетештин видосун сайытынарга жуктогулочу коройун жыргап.
0
beka88
2015-05-02 10:36:10
кайсынысы пакьяо кайсынысы майвезер? мен борецмин экоон тен курошто жыгам,,,
0
warsaw.
2015-05-02 10:55:04
beka88, негр майвезер сага окшошу пакьяо,алар күрөшпөйт боксташат
күрөшсөң емельяненкого бар
+1
tursunbaev2004
2015-05-02 14:34:01
beka88,негр Майвезер
0
uran98
2015-05-02 10:57:01
пакьяо женсе екен еми
0
Abdurahman
2015-05-02 11:52:22
Ооба азыр алардын мени менен мушташканына али эрте, экоо мушташсын анан женгени мага келсин айтып койгула
0
eldar96
2015-05-02 13:13:45
Abdurahman,

соссуз айтып коём
+1
tursunbaev2004
2015-05-02 14:36:52
Abdurahman,азыр келеем деп качып кетпейсинби?
+2
ruslan1985
2015-05-02 13:01:42
Мен покияону колдойм буйурса америкосту азият женет
+2
sasa71
2015-05-02 18:00:52
Покияо женишке жетишет деп ойлойм.
+1
Patriot...kg
2015-05-02 19:26:44
Пакьяао сага ийгилик.
Биз азияттар сени колдойбуз.
+2
nurik2103
2015-05-02 23:02:15
Пакяо кайсы мамлекеттен
0
bakyt_2015
2015-05-02 23:41:59
nurik2103, Филипиндик.
0
bazarkyl
2015-05-03 09:00:36
майвезер куу анын тактикалары атандашынын тактикасын бузуу болуп саналат. Майвезердин атасы да 20 жыл атаандашынын тактикасын бузуу менен алектенге. Майвезер утут.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан