Кара-Суу районунда кытайлык эки жаран маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-апрель күнү милиция кызматкерлери Кара-Суу районунун Киров айылындагы турак үйлөрдүн бирин текшерүүгө алышкан. Анда үй ичинен маңзат табылып, Кытайдын эки жараны кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.