Бишкектин Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык катталды

Бүгүн саат 10:30 чамасында Бишкектеги Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык катталды. Бактыга жараша, жабырлануучулар жок. Фрунзе көчөсүнөн Исанов көчөсүнө бурулуп жаткан БМВ үлгүсүндөгү автоунааны артынан катуу ылдамдыкта келаткан ак түстөгү Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа сүзүп, токтобостон качып кеткенин ал жерде турган күбөлөр айтышууда. 
БМВнын айдоочусу: "Жумушка бараткам. Исанов көчөсүнө бурулуп жатканда артымдан бир унаа катуу келип алгач жол жээгиндеги бетон тосмону сүзүп, андан соң менин унаамдын сол капталын сүздү. Номерин жаттап калууга үлгүрбөй калдым. Дагы жакшы, мен отурган тарапты сүзгөн жок. Жакын жерде турушкан милиция кызматкерлери артынан кууп кетишти",- дейт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
beka88
2015-05-01 11:36:08
субару легасини жаш балдар эле айдап журушотго дагы бир байдын копгон баласы да,тиги кууп кеткендер кармаса ошол жерден 100$ берсе тапбай калдык дешет да,
0
Ayka1994
2015-05-03 15:29:50
Ушул коррупция тажаттыго тажатты каерге баш бакпа корупция
0
Ayka1994
2015-05-03 15:30:49
Бизде кыргызстанда корупцияга каршы иштеген кызматкерлер барбы алар жумуш аткарышабы ким билет бул жонундо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан