Баткен. Тажиктер барымтага алган эки кыргыз жаранын табуу талабы менен жергиликтүү тургундар митингге чыгышты

Тажиктер барымтага алган эки кыргыз жаранын табуу талабы менен Баткен районунун тургундары облустук администрациясынын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу 1-майда SUPER.KG порталына Баткен шаарынын тургуну Баатырбек Шүкүров билдирди. Анын айтымында, учурда 70 адам өкүлчүлүктүн алдында барымтага алынгандарды таап берүүсүн талап кылууда. 
"Облус башчы жумуш ордунда жок экен. Бирок элдин талабын угууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы өкүлү жана Баткен мамлекеттик чер ара кызматынын жетекчисинин келиши күтүлүүдө. Биз дайынсыз болуп жаткан 1962-жылы туулган Темиркан Маматкуловду жана 1989-жылы туулган Бекжан Абдураимовду таап берүүсүн талап кылып жатабыз",- деди Шүкүров. 
Айта кетсек, кечээ, 30-апрель күнү саат 19:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылында тажик күч органдарынын кызматкерлери жогоруда аты аталган эки жаранды барымтага алып, Тажикстан тарапка өтүп кетишкен. Ошондон бери эки жаран дайынсыз болууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
KGstan81
2015-05-01 12:40:25
Бакиевти мактабаймын бирок 2005-2010ж.ж. арасында чек арабызда бир жолу болсо дагын мындай кырсыктар болгон эмес.Ал эми 2010ж. баштап мындай чек ара кырсыктары ондон ашып кетти мен факт боюнча айтып жатам.
+5
bom.bon
2015-05-01 14:44:22
KGstan81, туура ал кезде атактууларыбыздан айрылганбыз(Рысбек.Баяманж.б)бирок секин ара бузуу озун олтуруу тоноо ж.б аз болгон!
+1
ENGELSA
2015-05-01 12:52:42
Бакиевке духу жетпейт еледа озбек тажиктердин
+6
erikkarakulja
2015-05-01 12:56:20
Кармалган 4 тажикти кое бербей турушса экен эми.
+2
KGstan81
2015-05-01 13:05:44
erikkarakulja,Тажикистан менен аскердик келишимибиз бар деп биздин духу жок атка минерлерибиз алардын аскерлерин коюп жиберишет.Ал эми биздин кармалган жарандарыбызды оздору айыптуу деп коюшат биздин духу жок атка минерлерибиз
-2
AbdiMitalMagamedAliBektur
2015-05-01 13:15:47
Уаай энээн
0
edu.kg.
2015-05-01 13:23:58
Чек ара койгоун чечмейин бул корунуш кайталана берет. Бийлик окулдору такыр чечалгыс болуштуго
0
maksymtegin
2015-05-01 13:27:12
бүгүнкү биздин бийлик өтө алсыз муну кошуналар жакшы билишет ошого тоготушпайт кааласа бастырып кирип келишет кааласа атып салышат.
0
TGA
2015-05-01 13:31:22
Торт тажикти коюп жибербей экоосуно алмашып экоосун жазалаш керек. Ал бийликтин колунан келбейт. ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2015-05-01 14:05:32
TGA - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүү калтыруудан алыс болуңуз.
0
bom.bon
2015-05-01 14:49:02
Озбекстанга Ошентип кирсин кармап олтурбай атып салат.ошого духу жетпейт анча мынчасы кирууго.бизда ошондой болбосок болбой калды! Бирок бизде аткан. Адам айыптуу кирген адам аппак болуп калганы жаман!
0
KGstan81
2015-05-01 15:30:51
Эгерде меним уйумо кошунам мени тоготпой эшигимди, дарбазамды тепкилеп кирип меним балдарымды уруп тепкилеп чыгып кетсе анда мен эркек болуп юбка кийип алышым керек.Ошол сыяктуу эле биздин президентибизди,саны бар сапаты жок жеп жутарларыбызды,перчаткадай бат-бат алмашып турган пр.министирибизди Тажикистандын бийлиги тан албайт тоготпойт бул ачуу чындык ошону учун алар наглый эле биздин жерибизге ашык болуп жатышат
0
Uliyana
2015-05-01 17:01:18
Т.Сга кошулганча торт тарабынан тартып жок кылат экенда Кыргызстанды.
0
bakyt_2015
2015-05-01 19:19:07
Ар кимиси ит тыткандай тытып жатса бийлигин жок дегенде ушул тажиктерди ой койгула деп ооз жузундо айтып койгонго духу жетпесе, кайсы арыбызга мамлекетпиз,эгемендуубуз деп ооз коптуробуз. Чондорун чонтогунун кулу, эмне болсун жейт-жутат базарчыбы,таксистпи эптеп жанын багып жаткан только кыргызды эч уялбай тоногонго маш,башкага кын дей албайт мышык.Ушундай олкодо жашаганча деп кол шилтеп барына кайыл болуп басып кеткин келет кээде башка жакка.Антейин десен оз мекенин айла жок ээххх...
+2
temirov76
2015-05-01 21:28:05
Олкодо чек ара менен кумтор маселеси чечилбес болдуго,ушул маселелерди чече алар чиновник бар бекен э?
0
kg.oruk-zar
2015-05-01 22:24:29
Баткенге акимине айбалайыв чон атабызды койгондо бир жылда тажиктерди ун чыкпас кылып коймок азыр тажиктер ото кутуруп жатат биздин чондор жакшы иштегенди коро албайт корлор
0
Ayka1994
2015-05-03 15:18:21
Биздин чиновниктер бирин бири чукумай биринин созунон бири айып тапмайды адатка айландырып алышкан. Соз менен гана элдин жузундо журушот. Бийлик бул маселени озу чече албайт экен Баткендин жетекчилигине Айбалаевди коюп берсин озу эле зынкыйтып тынчтык орнотуп коёт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан