5-майда Ош шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын спортунун 90 жылдыгына жана 5-Май – КРнын Конституция күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, футбол мелдеши А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо кыргыз эстрада жылдыздарынын арасында өткөрүлөт.