Ысык-Көл. Боз-Тери айылында жаш балдар алыстыкка чуркоо боюнча таймашка катышты

Бүгүн, 1-майда Ысык-Көл облусунун Боз-Тери айылында жаш балдардын катышуусунда чуркоо боюнча таймаш өттү. Япон тилинде “Экиден” деп аталган бул спорт түрү кадимки эстафетадан дээрлик айырмаланбайт. Анда 7 жаштан 14 жашка чейинки курактагы балдар 5 топко бөлүнүп, белгилүү бир аралыкты басып өтүү боюнча жарышышты. Япон элчилигинин колдоосу астында “Япон-кыргыз биримдиги” жаштардын коомдук фонду тарабынан уюшулган иш-чара жергиликтүү эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтүп, 1 саатка созулду. Жыйынтыгында Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ жана атайын чакырылган коноктор жаш чемпиондорго сыйлыктарды тапшырышты. Жарыштарга жалпысынан 50дөн ашуун жаш бала катышты. 

Кошумчалай кетсек, эртең, 2-майда көл жээгинде “Run the Silk Road” 4-Эл аралык марафону старт алат. “Москва-1980” Олимпиадасынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спорт сүйүүчүлөрү кыска жана узун аралыкка чуркап жарышышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан