Бүгүн, 2-майда Ысык-Көлдүн Бостери айылында “Run the
Silk Road” 4-Эл аралык марафону өтүп жатат. “Москва-1980” Олимпиадасынын
коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган иш-чаранын ачылыш аземине
облус башчы Эмил Каптагаев, Япониянын кыргыз мамлекетиндеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ, КРнын
Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов, бокс
ишмери Орзубек Назаров, Япониянын парламентинин өкүлдөрү,
С.Жуманазаровдун
жубайы Сүйүн айым катышты.
Ачылыш аземинде уюштуруучулар Кубаныч аттуу 3 жашар балага белек ыйгарышты. Белгилүү болгондой, бул бала 3 жыл мурунку марафондун жүрүшүндө жолдо төрөлгөн. Анда унаа кыймылына чектөө киргизилип, толгоосу келген эне төрөтканага жетпей төрөгөн. Эненин аман-эсен көз жарганына сүйүнгөн марафондун уюштуруучулары наристеге Кубаныч деген ысым ыйгарышкан.
Кошумчалай кетсек, марафондун катышуучулары 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97 метр аралыкка, 10 чакырым аралыкка чуркап жатышат. Каалоочулардын 5 чакырым аралыкты басып же чуркап да өтүп жатканын көрүүгө болот. Көбүнчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, көрүүсү начарлар башкалардын коштоосунда 5 чакырымды багындырышты.
Катышуучулардын арасында ЖКнын депутаттары Дастан Жумабеков менен Данияр Тербишалиев дагы бар. 10 чакырым аралыкты басып өткөн депутаттар марафонго үчүнчү ирет катышып жатышканын белгилешти.