Унаасы менен Чычкан дарыясына түшүп кетип дайынсыз болуп жаткан айдоочуну издөө уланууда

Токтогул районундагы Чычкан дарыясына унаасы менен түшүп кеткен айдоочуну издөө уланууда. Бул тууралуу 2-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-апрелде Бишкек-Ош унаа жолунун 266-267-чакырымында Тойота Витязь жана Хонда Фит унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен Хонда Фит унаасы Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинен айдоочунун 1978-жылы туулган аялынын жансыз денеси жана айдоочунун күбөлүгү табылган. Ал эми айдоочу сууга агып кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayka1994
2015-05-03 15:49:01
жаман болуптур. Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт эмепи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан