Италиялык “Ювентус” футболдук клубу Италиянын футбол боюнча биринчилигинде 34 оюнда 79 упай топтоп, чемпиондукту мөөнөтүнөн мурда камсыздады. 2-орунду ээлеп келе жаткан “Рома” клубунун карамагында 64 упай бар. “Юве” чечүүчү оюнда “Сампдория” клубу менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Туриндик клубдун төртүнчү жолу катары менен чемпион болуусун камсыздаган голду Артуро Видаль киргизди.