Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында Нарын шаарын көздөй бара жаткан Тойотта-Раф-4 үлгүсүндөгү унаа жол жээгинде турган тосмону сүзүп алып, андан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кырсык 2-майда саат 16:09 чамасында катталган. 

Кырсыктан жаракат алган 2010-жылы туулган Айым Кубанычбекова оор абалда "Тез жардам" аркылуу Кочкор районунун ооруканасына жеткирилген. 

Каза болгондор:

1) Айдоочу, 1956-жылы туулган Жусупбек Исаков, Нарын шаарынын тургуну;

2) Айдоочу Исаковдун аялы, 1962-жылы туулган Кымбат Мамырова;

3) 1949-жылы туулган Жаңыл Жалилова, Нарын шаарынын тургуну;

4) 1959-жылы туулган Кенжекан Жалчиева, Нарын району, Жерге-Тал айылынын тургуну ("Тез жардам" автоунаасы менен жолдо ооруканага жетпей каза болгон)


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saribulak
2015-05-04 10:46:19
Жаман болуптур. Кичинекей кызды сактап калышса экен эми впачтар.
0
Krasnoyrsk124
2015-05-04 11:00:20
Туугандар аста айдасанар болбойбу кыргызстанда кундо кырсык болуп калды акыркы кундору, жаткан жери жайлуу болсун !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан