Ошто каратэ-до боюнча кыргыз жергесинин Ачык чемпиондугу өттү

2-3-май күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын спортунун 90 жылдыгына, Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган каратэ-до спортунун шотокан түрү боюнча өлкөнүн Ачык биринчилиги өттү. Мелдештин ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, КРнын Каратэ-до шотокан федерациясынын өкүлдөрү, спорт сүйүүчүлөрү катышты. Мелдешти калаа башчысы ачып, Ош шаары спорттун мекенине айланып бара жаткандыгын белгиледи.

2014-жылы Ош шаарында 8 жолу өлкө чемпиондугу, 7 ар кандай эл аралык мелдеш болгон. Мындан ары да Ошто спортту өнүктүрүү үчүн шаар мэриясы болгон күч-аракетин жумшай берет. Мелдеште балбандардын балбаны жеңишке жетүүсүнө тилектешпиз”,- деди Кадырбаев.

Мелдеште күчүн сыноо үчүн Тажикстандан эки команда жана кыргыз өлкөсүнүн 7 облусунун командалары келишип, жалпысынан 300дөн ашуун спортчу катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан