Орусиянын Екатеринбург шаарында 1989-жылы туулган Гүлзина Култаева аттуу Ош облусунун тургуну каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 4-майда Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын билдиришинче, Култаева инсульт оорусунан улам 30-апрель күнү каза болгон. Учурда маркумдун сөөгүн кыргыз жерине алып келүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады.