Казакстанда бокс боюнча өткөн эл аралык мелдеште кыргыз мушкерлери 7 медаль тагынышты

Казакстандын Атырау шаарында 27-апрелден 1-майга чейинки аралыкта өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргыз мушкерлери 7 медаль тагынышты. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашкандай, казак баатырлары Исатай Таймановдун жана Махамбет Утемисовдун жаркын элесине арналган мелдешке 10 кыргыз мушкери катышкан.

Мушкерлерибиз 2 алтын, 1 күмүш, 4 коло тагынышты. Алтынды Рахманкул Аватов (49 килограмм салмакта) менен Эрмек Сакенов (64 кг) багындырса, күмүштү Эркин Болотбек уулу 69 килограмм салмакта өз эсебине жаза алды. Ал эми коло медаль тагынгандар Азамат Каныбек уулу (75 кг), Медер Мамакеев (60 кг), Сергей Паренко жана Чингис Борбашевдер (91 кг) болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirbek2211
2015-05-13 13:36:31
Аа жакшы , кыргыз боксу да онуго берсин, алга жигиттер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан