Эркин күрөш боюнча кыргыз мамлекетинин улуттук курама командасынын 8 өкүлү Катарда өтө турган Азия чемпиондугуна жөнөп кетти. Спортчулардын Азия биринчилигине катышуусуна Олимпиадага даярдоо борбору 1 миллион сомдон ашык каражат бөлүп берди. Мелдеш 4-майдан 8-майга чейинки аралыкта өтөт.
Курамга Самат Надырбек уулу Самат (57 килограмм салмакта күрөшөт), Адилет Маматаев (61 кг), Азат Мирахимов (65кг), Улукман Маматов (65 кг), Эламан Догдурбек уулу (70 кг), Бактияр Карагул уулу (86 кг), Магомед Мусаев (97 кг), Айал Лазарев (125 кг) сыяктуу балбандар кирген.