АКШнын Даллас шаарында
Мухаммед пайгамбардын карикатурасы боюнча сынакта ок атышуу болду. Окуя 3-май күнү кечки саат 7де сынак өтүп жаткан имаратта орун алганын чет элдик маалымат булактары жарыялашты.
Атышуудан эки адам каза болуп, бир адам жаракат алганы кабарланды. Ал эми сынакта пайгамбардын карикатурасын мыкты тарткандарга баш байге катары 10 миң доллар берилмек. Аны “Эркиндикти коргоонун америкалык демилгеси" аттуу уюм уюштурган.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 7-январында да Франциянын "Шарли-Эбдо" деген сатиралык журналы пайгамбарды шылдыңдаган карикатураны журнал бетине басып чыкканы үчүн редакциянын имаратында террордук акт орун алган болчу. Андан редакциянын 12 кызматкери каза болгон. Журналдын бул аракетине көптөгөн мусулман өкүлдөрү нааразычылыктарын билдирип, митингдерге чыгышкан.