4-майда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Мелдешке кыргыз спортчуларынан тышкары Казакстан, Тажикстан жана Монголия мамлекеттеринин 200дөн ашуун спортчулары катышты.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдештин негизги максаты кыргыз күрөшүн эл аралык, азиялык оюндарга алып чыгуу, жаштарды бул спорт түрүнө кызыктыруу болуп эсептелет.
Анда жалпысынан 7 салмакта чемпиондор аныкталды. 96 килограммдан жогорку салмакта алтынды Монголиянын өкүлү алды. Калган 6 салмакта жеңишти кыргыз балбандары колдон чыгарышкан жок.
Чемпиондордун тизмеси:
55 килограмм салмакта: Тынчтыкбек уулу Бекзат
60 килограмм салмакта: Сымбатбек Алымбеков
66 килограмм салмакта: Анаркалый уулу Дастан
74 килограмм салмакта: Санжарбек Аманов
84 килограмм салмакта: Бексултан Кодомуратов
96 килограмм салмакта: Нурбек Кожокеев
96 килограммдан жогорку салмакта: Даваньям Алтангерел