Бишкекте издөө салынган Майрамбек уулу Мурат табылды
Бишкектин Свердлов районундагы үйлөрдүн биринен чыгып, дайынсыз болуп жаткан 26 жаштагы Майрамбек уулу Мурат табылды. Бул тууралуу 5-майда SUPER.KG порталына агасы Эркинбек Бегалиев билдирди. Анын билдиришинче, Муратка 2-май күнү издөө салынып, 4-май күнү Кызыл-Аскер районунан табылды. Ал эми Мураттын психикалык жактан ооруй турганы айтылды.