Таш-Көмүр шаарындагы психиатриялык ооруканадан бейтап качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, качып кеткен жаран Сузак районунун 1979-жылы туулган Ш.Ү. аттуу тургуну болгон. Ал 3-май күнү саат 18:30 чамасында оорукананын айланасын тазалап жүрүп сыртка чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.