Боксчу Майк Тайсон 2-майда беттешкен Мейвезер менен Пакьяону "мушкер эмес, бизнесмендер" деп атады

2-майда “Кылымдын беттеши” деген аталышта өткөн Мейвезер-Пакьяо беттеши көпчүлүктүн купулуна толбой калганы спорт коомчулугунда айтылып жатат. Бул беттеш тууралуу оюн айткандардын катарына легендарлуу мушкер Майк Тайсон дагы кошулду. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Тайсон бул беттеште таң каларлык көрүнүш катталбаганын, учурда бокс такыр башка нукка бурулганын айтты.

“Мен рингде жырткыч болчумун. Атаандаштарымды нокаут менен утуп, алардын убайым тартуусун каалачумун. Азыр болсо бокс бизнеске айланды. Булар боксчу эмес, бизнесмендер”,- дейт М.Тайсон.

Кошумчалай кетсек, Флойд Мейвезер менен Мэнни Пакьяонун ортосундагы беттеште Мейвезер жеңишке жетишкен. Анда билеттердин баасы 150 миң долларга чейин жетип, Мейвезер рингге чыкканы үчүн 150 миллион доллар алды. Ал эми Пакьяого 100 миллион доллар убадаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Melis2014
2015-05-05 11:18:20
менделе ринге чыгам коммерческий
0
baba.
2015-05-05 11:27:00
Эн туура айтыптыр.Мурдакы боксчулар менен азыркы боксчулардын ат менен тоодой айырмасы бар.коррупциялашып кетиптир да анда ээ....
0
crishti_7
2015-05-05 14:56:43
Тайсон, бокстан кеткенби?
0
Danel
2015-05-05 19:31:09
crishti_7, Жоок кете элек,журот эртеден кийин бокска чыгат.
+1
AFRODITA-89
2015-05-05 17:10:08
апеей ушундай да болобу...
0
XAH.
2015-05-05 19:06:24
Эң туура айтылган
0
Danel
2015-05-05 19:33:28
Мен рингде жырткыч болчумун дегени жактыда))
+3
KG_01
2015-05-05 19:55:27
Danel,Ошол жооругу менен айырмаланган тиру легенда да..Али да жон айткан эмес да Майк мен жанып турган учурда чыкканда мени да утмак опасный тип деп
+2
Qnet
2015-05-05 22:07:37
Тайсонду жанынан бир коргум келет да!
-2
st1m_
2015-05-06 02:42:05
Бокс тууралуу Тайсон кандай айтса да кошулам.
0
bazarkyl
2015-05-06 11:16:20
туура айткан. кордум кылымдын мушташы болгон жок.
0
mirbek2211
2015-05-13 13:31:35
Билеттин баасын актабай калды мушташы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан