Бүгүн Чемпиондор Лигасында “Ювентус” клубу өз үйүндө “Реалды” кабыл алат

Бүгүн, 5-майда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну орун алат. Анда Италиянын чемпиону “Ювентус” клубу өз үйүндө Чемпиондор Лигасынын учурдагы чемпиону, испаниялык “Реалды” кабыл алат.  

“Ювентус”“Реал”

Турин шаары. “Ювентус” стадиону  

Калыс: Мартин Аткинсон (Англия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)

Машыктыруучулардын ойлору

Карло Анчелотти, “Реалдын” башкы машыктыруучусу: “Бул бирдей деңгээлдеги эки команданын беттеши. “Ювентус” дагы топко көп ээлик кылганды мыкты өздөштүргөн. Башкысы, биз чабуулда жана коргонууда мыкты оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз”.  

Массимилиано Аллегри, “Ювентустун” башкы машыктыруучусу: “Бул жарым финал жана “Реал” - Чемпиондор Лигасынын учурдагы чемпиону. Менин оюмча, атаандаштарыбыздын финалга өткөнгө көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар. Жарым финалга жеткенибиз быйылкы сезондун ийгиликтүү болгонунан кабар берет. Футболдо жыйынтык маанилүү”.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Altysh_Boldush
2015-05-05 12:03:53
Рахмат супер инфо. Качан и саат канчада болушун билбей журот элем. Барселон качан ойнойт?
0
Максат Кудайбердиев
2015-05-05 12:16:56
Altysh_Boldush, саламатсызбы! "Барселона" менен "Бавария" эртең ойнойт
0
baba.
2015-05-05 12:09:35
Вауу коруш керек экен.
0
ulan_rysbaev
2015-05-05 12:13:00
Кайсы телеканалдан корсотот?
0
Valley.of.the.Wolves
2015-05-05 12:15:09
ulan_rysbaev,
НТВ+ Футбол
0
ulan_rysbaev
2015-05-05 12:22:06
Ой рахмат
0
warsaw.
2015-05-05 12:28:30
кыргызстан эмнеге алып бере албайт,баягы эле акча маселеси да туурабы?
+1
Taku.14.02
2015-05-05 21:07:42
Реалга ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан