Конституция күнүнө карата Бишкекте кичи футбол боюнча "Министр кубогуна" турнир өтүүдө

Бүгүн, 5-майда Бишкекте Конституция күнүнө карата кичи футбол боюнча “Министр кубогуна” турнир өтүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, турнирдин ачылыш аземине транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев, министрдин орун басары Улан Уезбаев жана башка жетекчи кызматкерлер катышты. “Министрдин кубогун” жеңип алуу үчүн 12 команда 4 топко бөлүнүп таймашууда. Жеңүүчүлөр 1, 2, 3-баскычтагы дипломдор менен сыйланышат, ал эми мыкты делген оюнчуларга “Эң мыкты чабуулчу”, “Эң мыкты коргоочу”, “Министрликтин ардагери”, “Эң мыкты дарбазачы” аталышындагы жеке сыйлыктар берилет. Бардыгы болуп 7 кубок ойнотулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан