Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 50 жаштагы агасы Кеңеш Мырзакматов алдамчылыкка шектелип, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 5-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай камакка алуу чечими Ош шаардык соту тарабынан кабыл алынды. Буга анын үстүнөн ондогон адамдардын даттанып, сотко арыз менен кайрылышканы себеп болгон.
"Арыз ээлери Мырзакматов “үй алып берем” деп 100 миңден ашык доллар жана 1 миллион сомдон ашык акча алганын айтышкан. Бул ишке тиешеси бар делген Мырзакматов менен кошо дагы 4 адам болгон. Алардын үчөө кармалып, көрсөтмө учурунда акчаны Кеңеш Мырзакматов алганын айтышууда",- деди милициянын өкүлү.