Токтогул районунда Чычкан дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-апрель күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 266-267-чакырымында Тойота Витязь жана Хонда Фит унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаа Чычкан дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинен бир аялдын жансыз денеси табылып, айдоочу изделүүдө.