Ош шаарынын борбордук стадионунда Кыргыз Республикасынын мектептер арасындагы 2015-жылдын спартакиадасы старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Спорттук иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин массалык спорт жана ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык “Жаштык”борборунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана спортчулар катышты.
“Бүгүнкү спорттук иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Жалпысынан спартакиадага кыргыз жергесинин жети облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын мектептеринин окуучулары катышууда. Ош шаардык мэриясы бардык спорттук аянтчаларды пайдаланууга даярдап берип, катышуучуларды жатаканалар менен камсыздап, алардын коопсуздугун, ден соолугун медициналык жактан көзөмөлдөөдө”,- деп белгиледи биринчи вице-мэр.
Эркинбек Абдылдаевдин айтымында, жалпысынан мелдеш спорттун 15 түрү боюнча өтүп, Ош шаарында окуучулар спорттун 6 түрү: эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыргыз күрөш, бокс, шахмат, ордо оюну боюнча күч сынашат. Калган оюндар Бишкек шаарында 12-19-май күндөрү өткөрүлөт.
Республикалык спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө атайын кубоктор, дипломдор, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылат.
Жалпысынан республикалык спартакиадага Ош шаарынын бардык мектептеринен 600гө жакын окуучу катышууда.