Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Нарын облусунда 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Өзгөн районунда 68 чарчы метр сарай толугу менен күйүп кетти. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.