Ысык-Көл районунда Тянь-Шань карагайын мыйзамсыз кыюу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, келтирилген чыгым 231 миң сомдон ашкан. Учурда бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.