Ош шаарында ишкерди коркутуп, акча талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кара-Суу районунун тургуну кайрылган. Анда ал Шеракмат, Айбек, Аман аттуу адамдар физикалык күч колдонуп, 100 миң сом талап кылып жатышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 3-май күнү акча алып жаткан жеринен 4 жаран кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.