Жыл башынан бери өлкөнүн түштүгүндө уюшкан кылмыштуу топтун 23 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандар бир катар каракчылык жана башка фактылар боюнча шектелүүдө. Учурда өлкөнүн түштүгүндөгү кылмыштуу топторду жок кылуу максатында ыкчам издөө иштери жүрүүдө.