Бүгүн, 6-майда УЕФАнын Чемпиондор Лигасында экинчи жарым финалдык оюн орун алат. Анда каталондук “Барселона” клубу өз үйүндө мюнхендик “Баварияны” кабыл алат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Бул беттеш көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турат, себеби “Барселонанын” күйөрмандары сүйүктүү клубунун “Бавариядан” өч алуусун күтүп жатышат. 2013-жылы бул клубдар жарым финалда жолугуп, анда 2 оюндун жыйынтыгында “Бавария” 7:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Бул жолу болсо көпчүлүк финалдык жолдомого да, чемпиондук наамга дагы “Барселонаны” татыктуу деген ойду айтып жатышат, анткени “Барсанын” курамындагы оюнчулар мыкты спорттук калыпта. Ал эми “Бавариянын” курамынан чабуулчу Роберт Левандовски, жарым коргоочулар Франк Рибери, Арьен Роббен, коргоочулар Хольгер Бадштубер, Давид Алаба жаракатка байланыштуу ойнобой турганы айтылууда.
*