5-майда Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кичи футбол боюнча “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун биринчилиги өтүп, ага жалпысынан 13 команда катышты.
Аталган ишканадан кабарлашкандай, жыйынтыгында Курулуш-куроо кызматынын курама командасы жеңүүчү аталып, кубоктун ээси болду. 2-орунду Москва жана Сокулук райондук электр тармактарынын курама командасы алды. 3-орунду Токмок райондук электр тармагынын командасы ээледи. Ошондой эле Ысык-Ата, Кант райондук электр тармактары, Жайыл жана Панфилов РЭТ курама командасы, Чыгыш РЭТ курама командасы жана Борбордук кабелдик чубалгыларды оңдоо кызматынын курама командасы кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.