Бишкекте 500дөн ашуун жаштардын катышуусунда эстафета болуп өттү. Бүгүн, 6-майда мэриядан кабарлашкандай, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чара Кара-Жыгач сейил багында өттү.
Ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Свердлов райондук жалпы билим берүү мекемелеринде окуган окуучулар, студенттер жана башкалар күбө болушту. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди.