Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев Азия чемпиондугунда финалга чыгышты

Бүгүн, 6-майда Катар мамлекетинде күрөштүн 3 түрү (эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер арасында эркин күрөш) боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Алгачкылардан болуп күрөшкө чыккан эркин күрөш боюнча курамабыздын өкүлдөрү Айсулуу Тыныбекова, Самат Надырбек уулу жана Айаал Лазарев жарым финалдык беттештерин утуп, финалга чыгышты. Бул көрсөткүч менен балбандарыбыз күмүш медалдарды камсыздап, алтын медалга мүмкүнчүлүктөрүн сактап турушат.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, 58 килограмм салмакта күрөшүп жаткан Айсулуу Тыныбекова финалда япониялык Каори Ичо менен кез келет. Каори Ичо акыркы 3 Олимпиада оюндарында алтын медаль тагынган. Ал Айсулуунун спорт жаатындагы кумири экенин буга чейинки маектеринен улам билебиз.  

Ал эми 125 килограмм салмакта кармаш өткөрүп жаткан Айаал Лазарев финалда Ирандын өкүлүнө каршы турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Habib
2015-05-06 17:50:12
Аллахым кыргызымдын кыздарын даражасын бийик кылсын эч качан туура жолдон адаштырбасын
+1
Shaa-82
2015-05-06 17:51:00

Алга Кыргызым Алга!
Ийгилик!
+1
Bektur2
2015-05-06 18:02:52
Олимпиада оюндарында 3 жолу алтын медаль тагынган Япониялык Каори Ичону кыргыздын кызы Айсулуу Тыныбекова утуптур деп кыргыздын аты чыгып желегибиз желбиресин. Ийгилик кыргыздын балбандары
+1
aash
2015-05-06 18:08:24
Азаматсынар!
+1
Patriot...kg
2015-05-06 18:45:17
Молодецтер. Жайлагылачы ошолорду
+1
mirana9395
2015-05-06 18:50:43
Ийгилик силерге утушка ээ болуп кайткыла
+1
Qnet
2015-05-06 19:08:12
Азаматтар десе!Тим эле алтын тагынгандай эле суйундум!
0
mamashov-emil
2015-05-06 19:52:26
kandai gana sonun ushundai kabarlardy okuganda men bashymda chon problema tursa jenildei tushom kubanyp a basa samatty finalga chykty dep anan finalda kim menen kurosho turganyn jazbapsynargo super info aityp koigulachy al kushtuu jash borets olimpiadaga baryp medal alyp kele turgan buiursa bashka dagy aisulu aial bashka sportchularybyz akyrky jyldary azia mirovoido jakshi chygyshyp atat iygilik sportchularybyzga
+1
admin_portal
2015-05-07 11:34:43
mamashov-emil, саламатсызбы!
Самат Надырбек уулу тууралуу төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/111287/
0
realbek89
2015-05-06 21:01:47
Азаматсыздар,ийгилик финалда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан