Токмок шаарында оор атлетика боюнча өлкө чемпиондугу өтөт
Бүгүн, 7-майда Токмок шаарында оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги старт алат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди. Анын айтымында, мелдеш Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып, улуттук кураманы түзүү максатында уюшулууда. "Өлкөнүн бардык аймактарында бул спорт түрүн жайылтуу максатында бул жолу мелдешти Токмок шаарында уюштуруп жатабыз. Мелдештин жыйынтыгына карап улуттук кураманы түзөбүз. Алдыда Азия чемпиондугу жана Дүйнө чемпиондугу бар",- деди У.Молдодосов.