Чемпиондор Лигасында "Барселона" атаандашы "Баварияны" ири эсепте утту, Месси 2 гол киргизди

7-майга караган түнү Испаниянын “Барселона” клубу УЕФАнын Чемпиондор Лигасында Германиянын чемпиону “Бавария” клубун кабыл алып, ири эсепте утуп алды. 75 мүнөт бою гол көрө албаган күйөрмандар оюндун акыркы 15 мүнөтүндө 3 гол көрүштү. Оюндун жүрүшүндө "Барселона" бир топ эле артыкчылыгын көрсөттү. Арьен Роббен, Франк Рибери, Давид Алаба сыяктуу мыкты оюнчуларысыз ойногон "Бавария" каршы чабуулга ойноду. "Барсанын" курамынан алдынкы мүнөттөрдө Луис Суарес менен Неймар ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү голго айландыра алышкан жок. Акыркы маалда гана Лионель Месси бардык жоопкерчиликти моюнга алып, удаасы менен 2 гол киргизди. Голдордун бирин ал айып аянтчасынын сыртынан жакынкы бурчка таамай багыттады. Экинчисинде коргоочу Жером Боатенгди алдап өтүп, топту дарбазачынын үстүнөн ашыра таштап койду. Андан соң акыркы мүнөттө Неймарды дарбазачы менен жекеме-жекеге чыгарды. Неймар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, гол айырмачылыгын 3кө жеткирди.

Кошумчалай кетсек, бул оюн менен жарым финалдын жолдомосунун тагдыры чечилди деп айтканга болбойт. Себеби финалдык жолдомо ээсин аныктоодо жооптук оюндагы жыйынтык да мааниге ээ. Бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 12-майда өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
lolalola
2015-05-07 03:35:00
ooohh nein, scheisse ... tamsha, ras gana boldu bavariyaga
-2
Farm94
2015-05-07 06:36:31
урааааааа барса алга
0
aziret-92
2015-05-07 08:00:42
Тээтигинде маскачан Тата Улан журобу?:-)
+1
goodman02
2015-05-07 11:00:15
aziret-92, Ал Левондовски мурдуна травма алган ошого маскачан.
+1
nurik2103
2015-05-07 08:30:31
Бир сааттай кордум, барселона бир канча еле кыйын екен
+2
Erkekterdin-erkegi
2015-05-07 09:29:11
куттуктайм барсамандар финалга отпой эле койгула есемболбой эле оттунор а макул эми финалда бизди куткуло супелердин супер финалы болот кимиси утса европада ошол команданыны доору башталат
0
bakaiBBBB
2015-05-07 09:29:12
Менин оюмча Мессинин жузу Гитлердин жузуно окшоп бара жаткансыды. Найн найн наааайн, Баварияга тарттым эле
-2
goodman02
2015-05-07 10:53:43
Мына Барса женди, Кудайга шугур. Эми Мнюхенде ийгилик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан