Бишкекте тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын Ачык Кубогу үчүн мелдеш старт алды
Бүгүн,
6-майда Бишкекте тогуз
коргоол боюнча Борбор Азиянын төртүнчү Ачык Кубогу үчүн мелдеш старт алды. Мелдешке Кыргыз Республикасынан жана Казакстан мамлекетинен бардыгы болуп 180 спортчу катышууда. Муну Спорттун улуттук түрлөрүн
өнүктүрүү борборунан кабарлашты. Мелдеш 12-майга чейин Улуттук китепкананын имаратында өтөт.